22-июлда заводдогу мештин башчысы болуп иштеген 30 жаштагы Музафар Исмаилов каза болгону кабарланган. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы анын денесинин 85 пайызы күйүп, ооруканада көз жумганын билдирген.
Анда кырсыкта жабыркаган дагы жети жумушчу ооруканада жатканы, алардын бешөө реанимацияда экени кабарланган.
24-июлда технолог болуп иштеген 25 жаштагы Ерулан Казкен, 25-июлда эритүү цехинин 43 жаштагы механиги Дмитро Адамчук менен 37 жаштагы башкы механик Төлөгөн Жетписбаев каза тапканы белгилүү болду. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, өрттөн алардын денесинин 90 пайызга жакыны күйүп калган.
Заводдогу кырсыкка байланыштуу алгач "Эмгек коопсуздук эрежелерин бузуу, шалаакылыктан ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жумушчулардын өлүмүнөн кийин ал "Эмгек коопсуздук эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келген шалаакылык" беренесине өзгөртүлдү.
Ооруканада жаткан төрт жумушчунун экөө жалпы палатага которулганы, дагы экөө реанимацияда экени кабарланды. Медиктер алардын абалын өтө оор деп баалап жатышат.