Ссылки доступа

Өзбек дзюдочусу Диёра Келдиёрова Олимпиадада алтын утту


 Диёра Келдиёрова
Диёра Келдиёрова

52 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова Олимпиаданын алтын медалын жеңип алды.

1/8 финалдагы биринчи беттешинде ал Олимпиданын учурдагы чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, акыркы беш жылдан бери эл аралык мелдештерде бир дагы жолу жеңиле элек жапон спортчусу Ута Абэни утуп алды.

Бул Өзбекстандын Олимп-2024 оюндарындагы алгачкы медалы болду. Диёра Келдиёрова кыз-келиндер арасында жайкы Олимпиада оюндарында (анын ичинде дзюдо боюнча) алтын уткан өлкө тарыхындагы алгачкы спортчу болуп калды.

Жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Диёра Келдиёровага телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын кабарлашты.

Парижде 26-июлда ачылган Олимпиада оюндары 11-августта аяктайт. Ага катышуу үчүн Өзбекстандан 90 спортчу барган.

XS
SM
MD
LG