Прокурор соттон айыпталуучу журналист үчүн жети жылга эркиндигинен ажыратуу жана үч жыл коомдук-саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салуу жазасын сурады. Бул тууралуу адвокат Мурат Жолшиев билдирди.
Думан Мухаммедкарим "экстремизмди каржылоо" жана "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" айыптары менен өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурат. Активист айыптоолорду четке кагып келет. Тарапташтары Мухаммедкарим активдүүлүгү жана өкмөттү сындаганы үчүн куугунтукталып жатат деп эсептешүүдө. Эгер ал күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин соттолушу мүмкүн.
Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча сот быйыл 12-февралда башталган. Февралда ал катаал мамилеге жана текшерүүлөргө даттангандан кийин сот процесси убактылуу токтотулган. Адвокат анда иш далилдердин жоктугунан улам токтотулганын айткан. Ишти кароо 22-майда кайра жанданган.
Казакстандык укук коргоочулар Мухаммедкаримди өздөрү түзгөн саясий туткундардын тезмесине кошушкан. Бийлик өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.