Бул Курбановдун спорттук карьерасындагы алгачкы Олимпиада оюндары. Анын күмүш медалы Казакстандын тарыхындагы гимнастика боюнча алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.
Спорттун бул түрү боюнча ирландиялык Рис Маккленаган 15,533 упайы менен алтын алса, 15,300 упайга ээ болгон америкалык спортчу Стефану Недорощик коло байге тагынды.
Муну менен быйылкы Олимпиада оюндарында Казакстандын курамасы уткан медалдардын саны төрткө жетти. Буга чейин 60 килограммдык салмак категориясында күрөшкөн дзюдочу Елдос Сметов алтын утса, 66 килограмм салмактагы Гусман Кыргызбаев коло медалга ээ болгон. Ошондой эле Ислам Сатпаев менен Александра Ле спорттун ок атуу түрү боюнча коло медал уткан.
Мындан тышкары бүгүнкү күнгө карата эки казакстандык мушкер - Нурбек Оралбай менен Назым Кызайбай жарым финалга чыгышты. Алар муну менен бери дегенде эле улуттук курама үчүн коло медалды камсыздап коюшту.
Париждеги Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.