Ссылки доступа

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты


Мээрим Жуманазарова менен нигериялык Блессинг Оборудуду.
Мээрим Жуманазарова менен нигериялык Блессинг Оборудуду.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Эми финалдык беттеште Мээрим АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медал үчүн күч сынашат. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.

Мээрим Жуманазарова Блессинг Оборудуду менен өткөн Токио олимпиадасында чейрек финалда беттешип, утулуп калган эле.

35 жаштагы Блессинг Оборудуду Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Мээрим Токиодогу олимп оюндарынын коло байгесин уткан. Андан кийин балбандар 2022-жылы "Yasar Dogu" рейтингдик мелдешинин финалында беттешип, анда да Блессинг Оборудуду 3:0 эсеби менен жеңишке жетип, алтын медалдын ээси болгон. Бул балбандардын үчүнчү беттеши болду.

Мээрим Жуманазарова чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыкса, 1\8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.

Блессинг Оборудуду 1\18 финалда канадалык Линда Мораисти, чейрек финалда франциялык Кумба Ларрокту 6:2 менен утуп, жарым финалга чыккан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга АКШлык Эмит Элор чыкты. Ал жарым финалда Түндүк Корея балбаны Пак Сольгумду 10:0 эсеби менен жеңди.

Коло байге үчүн жана финалдык беттеш 6-августа өтөт. Ушул эле күнү Бишкек убактысы менен 15:00дө грек-рим күрөшүнөн жаан кыз-келиндер күрөшүнөн кийинки салмактагы беттештер башталат. Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов менен 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Андан сырткары кыз-келиндер арасында 50 килограммга чейинки салмакта мелдештер өтөт.

XS
SM
MD
LG