Жалпысынан быйылкы Олимп оюндарында казак спортчулары бир алтын, үч күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту.
Алтын медал: Елдос Сметов, дзюдо (60 кг чейин).
Күмүш медалдар: Нариман Курбанов, спорттук гимнастика; Демеу Жадыраев, грек-рим күрөшү (77 кг); Нурбек Оралбай, бокс (92 кг).
Коло медалдар: Ислам Сатпаев менен Александра Ле, ок атуу; Гусман Кыргызбаев, дзюдо (66 кг); Назым Кызайбай, бокс (51 кг).
Казакстандыктар салттуу түрдө чоң үмүт арткан мушкерлер Токиодогудай эле Парижден да бир дагы алтын медалсыз кайтты.
Токио Олимпиадасында Казакстан курамасы сегиз коло медал уткан.