Быйыл апрелде Астанада Кайрат Сатыбалдыга козголгон жаңы кылмыш иши боюнча сот жараяны башталган. Анда ал «күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп берип, кылмыштын бетин ачууга жана кылмыш жолу менен алынган мүлктү ашкерелөөгө көмөктөшкөнү» кабарланган.
«2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кайрат Сатыбалды менен анын жакын адамдары мыйзамсыз ээлик кылып алган 1,6 млрд АКШ долларлык мүлктөр жана акча каражаты мамлекетке кайтарылды. Анын 661,5 миллион доллары Сатыбалдынын тергөө менен активдүү кызматташуусунун жыйынтыгында чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Автриядан, Лихтенштейнден, БАЭден жана Түркиядан кайтарылды», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мамлекетке кайтарылган активдердин арасында административдик имараттар, эксклюзивдүү баалуу таштар, компаниялардын акциялары, кымбат балуу үйлөр, батирлер жана автоунаалар бар.
Кайрат Сатыбалды 2022-жылы мартта кармалып, ошол эле жылы сентябрда "Казактелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири өлчөмдө каражат уурдоо айыбы менен алты жылга соттолгон. 2023-жылы декабрда Чыгыш Казакстан облусундагы сот анын шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн четке каккан.
Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдынын байлыгын 163 миллион долларга баалап, аны өлкөдөгү эң бай 50 бизнесмендин катарына кошкон.
Кайрат Сатыбалды кезинде Улуттук коопсуздук комитетинин кадрдык кызматын жетектеп, Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. 2010-2015-жылдары Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында катчы кызматын аркалаган. Мындан тышкары улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеп, "Казактелеком" телекоммуникациялык компаниясында акцияларга ээлик кылган.