Ссылки доступа

Казакстан: Жогорку сот иштен алынган тоо-кен куткаруучуларынын арызын канааттандырды


Казакстандын Жогорку соту "Авариялык-куткаруу кызматынын республикалык штабы" ишканасынын Караганда облусундагы өкүлчүлүгүнүн иштен алынган куткаруучулары жазган кассациялык арызды карап, доогерлердин пайдасына чечим чыгарды.

Куткаруучулар жумуштан алынганын мыйзамсыз деп табууну, аларды ишинде калыбына келтирүүнү жана жумуш берүүчүдөн иштебеген убагы үчүн айлык акыны төлөтүп берүүнү өтүнүшкөн.

Өткөн жылы райондук жана облустук соттор куткаруучулардын иштен алынганын негиздүү деп тапкан.

Жогорку соттун 14-августтагы чечими менен эмгек келишимин токтотуу тууралуу буйрук мыйзамсыз деп табылып, куткаруучулар өз жумуш орундарына кайтарылмай болду. Ошондой эле сот жумуш берүүчүнү жумушчулар иштебеген убактагы айлыктарын төлөп берүүгө милдеттендирди.

"Авариялык-куткаруу кызматынын республикалык штабы" өнөр жай ишканаларындагы авариялар учурунда жумушчуларды куткаруу жана кырсыктын кесепеттерин жоюу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG