Ссылки доступа

Башкы прокуратура: Кайрат Сатыбалды мамлекетке 50 млрд теңгелик активдерин кайтарып берүүдө


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын уулу Кайрат Сатыбалды жалпы баасы 50 миллиард теңгеге бааланган активдерин мамлекетке кайтарууда. Бул тууралуу 15-августта өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча бул сумманын 18 миллиард теңгеси кайтарылды деп айтууга болот. Алардын катарында Алматы шаарындагы эки ири бизнес-борбору жана Астанадагы коммерциялык имарат менен элиталык үй бар.

Мекеме Сатыбалдыдан алынган 95 миң доллар атайын фондго которулганын билдирди.

"Мындан тышкары жүздөгөн миллион теңгелик зер буюмдар, кымбат сааттар, коллекциялык монеталар, сейрек кездешүүчү баалуу буюмдар жана башка баалуу заттар (жалпы саны 174 аталыш) мамлекетке кайтарылды. Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы баасы 192 миллион теңге турган Rolls-Royce Cullinan жана Aston Martin үлгүсүндөгү кымбат автоунаалар алып келинди", – деп жазылган билдирүүдө.

Башкы прокуратура учурда Сатыбалдыга жана анын жакындарына таандык 33 миллиард теңгелик чет өлкөдөгү мүлктөр кайтарылып жатканын билдирди.

Алардын арасында 20 миллиард теңгеге бааланган Дубайдагы эки вилла, Франциянын деңиз жээгиндеги 4 миллиард теңгелик төрт элиталык батир, Москванын престиждүү райондорундагы баасы 5 миллиард теңгени түзгөн 15 кыймылсыз мүлк, Бодрум менен Стамбулдагы 4 миллиард теңгелик эки элиталык вилла жана батир бар. Бийликтин маалыматына ылайык, Сатыбалды 2,5 жылдын ичинде башка иштерин кошкондо мамлекетке жалпысынан 783 миллиард теңге кайтарган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө бул иштердин бардыгы Сатыбалдынын күнөөсүн мойнуна алгандыгы жана мыйзамсыз алынган мүлктү кайтаруу боюнча процессуалдык макулдашуунун талаптарынын алкагында жүргүзүлүп жатканы белгиленген.

Мекеменин бул билдирүүсүнө реакция билдирген Мажилис депутаты Ермурат Бапи "Сатыбалдыны мөөнөтүнөн мурда бошотууга даярдап жатышабы же толук мунапыс берүүнү көздөп жатышабы?" деген суроо узатты.

"Анын уурдалган активдерди өз ыктыяры менен кайтарып жатканы жакшы. Бирок бул активдер мамлекеттик казынага түшөбү? Бизде эки гана тандоо бар: ишенүү же ишенбөө. Себеби кайтарылган активдер топтоло турган 100% өкмөткө таандык компанияга коомдук көзөмөл жок", – деп жазды депутат социалдык тармактарга.

Өткөн жумада Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кайрат Сатыбалды мамлекетке кайтарып берген активдердин тизмесин жарыялаган.

"2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кайрат Сатыбалды менен анын жакын адамдары мыйзамсыз ээлик кылып алган 1,6 млрд АКШ долларлык мүлктөр жана акча каражаты мамлекетке кайтарылды. Анын 661,5 миллион доллары Сатыбалдынын тергөө менен активдүү кызматташуусунун жыйынтыгында чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Автриядан, Лихтенштейнден, БАЭден жана Түркиядан кайтарылды", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кайрат Сатыбалды 2022-жылы мартта кармалып, ошол эле жылы сентябрда "Казактелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири өлчөмдө каражат уурдоо айыбы менен алты жылга соттолгон. 2023-жылы декабрда Чыгыш Казакстан облусундагы сот анын шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн четке каккан.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдынын байлыгын 163 миллион долларга баалап, аны өлкөдөгү эң бай 50 бизнесмендин катарына кошкон.

Кайрат Сатыбалды кезинде Улуттук коопсуздук комитетинин кадрдык кызматын жетектеп, Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. 2010-2015-жылдары Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында катчы кызматын аркалаган. Мындан тышкары улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеп, "Казактелеком" телекоммуникациялык компаниясында акцияларга ээлик кылган.

XS
SM
MD
LG