Ссылки доступа

Казакстан ИИМи ырчынын хижаб кийбеген аялдарды өлтүрүү жөнүндө сөзүнөн кылмыштын курамын тапкан жок


Улангасыр Ками
Улангасыр Ками

Казакстандын Ички иштер министрлиги ырчы Улангасыр Камиевдин хижаб кийбеген аялдардын өлтүрүлүшү боюнча билдирүүсүнөн кылмыштын эч кандай белгисин тапкан жок. Бул тууралуу бейшемби күнү кечинде КазТАГ билдирди.

Полиция кылмыш ишин каттоодон баш тарткан. Полицияга арыз жазган Костанай шаарынын тургуну Саида Сисембаева мурда артисттин айткандарын социалдык, улуттук, уруулук, расалык, таптык же диний кастыкты козутуу беренеси боюнча текшерүүнү талап кылган.

Ички иштер министрлиги арыз ээсине берген жообунда Камиев Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында өзүнүн катталуучулары менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп бергенин, кылмыштын курамы жок экенин түшүндүргөн.

«Жогоруда айтылгандардын негизинде, бул иш боюнча кылмыштын курамы жок экенин эске алып, арыз Сотко чейинки тергөөнүн бирдиктүү реестринде каттоого алынган жок жана номенклатуралык өндүрүш катары эсептен чыгарылган», - деп айтылат ведомствонун жообунда.

Июль айында Камиев өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары эмне себептен көбөйүп жатканы тууралуу видео тарткан. Ырчы көйгөйлөр аялдын сырткы келбетинен башталарын, эркектер аялдарын хижаб кийбегендиктен өлтүрүп жатканын айткан. Коомчулуктун сынынан кийин музыкант социалдык тармактардагы постторуна комментарий калтырууга бөгөт койгон. Кийинчерээк анын продюсери журналисттерди маалымат чабуулу үчүн айыптаган.

Расмий маалыматтар боюнча, казак полициясына күн сайын үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 300дөй билдирүү келет. Бирок “үй тирандары” жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартыла бербейт.

XS
SM
MD
LG