"Адамдар жасабаган кылмышы үчүн эки жылдан бери абакта отурушат. Иш ойдон чыгарылган. Апелляциялык арызды канааттандырып, өкүмдү жокко чыгарып, жаңы чечим чыгарууну суранам", - деди соттолуучу Олжас Кулжахановдун жактоочусу Жанара Балгабаева сотто.
Айыпталуучу Акылжан Кыйсымбаевдин жактоочусу Галым Нурпеисов "Власть" басылмасына билдиргендей, жактоочу тарап кассациялык даттанууну, андан соң БУУнун комитетине кайрылууну пландоодо.
Qaharman укук коргоо демилгеси жана "Активисттер экстремист эмес" Телеграм каналы өткөн айда сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырганын кабарлаган.
2024-жылдын 7-март айында Алматынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту алты айыпталуучуну эркинен ажыратып, бирөөсүн шарттуу түрдө кескен.
45 жаштагы Багдагүл Андреева алты жылга, 41 жаштагы Эржан Төрөкулов менен 38 жаштагы Олжас Кулжаханов алты жылга, 64 жаштагы Сагынкул Конар, 37 жаштагы Тенилика Нурланов жана Акылжан Кийсымбаевдин ар бири беш жылга, 44 жаштагы Айдос Илипбаев үч жыл төрт айга шарттуу кесилген.
Январь айындагы айыптоочу тарап соттолуучуларды 13 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.
Бул ишти иликтеген Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Андреева менен Конарга “бийликти күч менен басып алууга үгүттөө же коомдук чакырык жасоо”, “экстремисттик топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу” жана “массалык баш аламандык уюштуруу” беренелери боюнча айып таккан. Төрөкуловго, Кулжахановго, Нурлановго жана Кийсымбаевге “куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү” беренелери боюнча кошумча айып тагылган.
Илипбаев ошондой эле "массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган" деп айыпталган.
Укук коргоочулар бул ишти "трактор иши" деп аташкан. Соттук териштирүүдө айыпталуучулар баш калаадагы президенттик резиденцияга кирип барып, бийликти басып алуу жана бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү максатында массалык баш аламандык уюштурууну көздөгөнү айтылган.
Сотто укук коргоочулар жана байкоочулар айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин, келтирилген далилдер ишенимди жаратпай жатканын белгилешкен.
Сот жообуна тартылган жети адам эки жыл мурун кармалган.
2022-жылдын 17-ноябрында Улуттук коопсуздук комитети “бийликти басып алууну” пландаган топтун бети ачылганы тууралуу маалымат тараткан.