Маалыматка караганда, сот тергөө органдарынын өтүнүчүн канааттандырып, Лутфулло Назримаддын, Жумахон Курбоновдун, Ёкубжон Юсуфзоданын жана Мухаммад Шарифзоданын камактагы мөөнөтүн дагы үч айга, 22-ноябрга чейин узартты.
Сот отуруму жабык өткөндүктөн, анын чоо-жайы белгисиз.
16-августта Басман райондук соту "Крокус Сити Холл" иши боюнча кармалган дагы төрт кишинин (баары тең тажик жарандары) – Мухаммадсобир Файзовдун, Муродали Ражабализоданын, Фаридун Шамсиддиндин жана Далержон Мирзоевдин бөгөт чарасын карап, алардын да камактагы мөөнөтүн 22-ноябрга чейин узарткан. Ушул эле күнү Мухаммадсобир Файзовго, Муродали Ражабализодага жана Фаридун Шамсиддинге террордук уюмдун ишине катышуу боюнча кошумча айып тагылганы белгилүү болгон.
"Крокус Сити Холлдогу" теракт ишинде жалпысынан 12 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында теракттын аткаруучуларын турак жай, транспорт жана байланыш каражаттары менен камсыз кылып турган деп айыпталгандар да бар. РБК басылмасы белгилегендей, жалпысынан бул иш боюнча 20дан ашык киши кармалган.
Быйыл 22-мартта болгон "Крокус Сити Холлдогу" терактта бери дегенде эле 144 киши каза тапкан. Алардын айрымдарын кол салгандар атып өлтүрсө, көбү имараттагы өрттөн улам каза болушкан. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өз мойнуна алган. Орус тарап теракттын артында Украина турушу мүмкүн деп эсептөөдө. Киев айыптоолордун баарын четке кагууда.