“Мыйзам долбоору менен Орусияга эмгек келишиминин негизинде иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсүн алып кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда”, – деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.
Документтин авторлорунун айтымында, кеп Орусияда эмгек келишминин же патенттин негизинде иштей турган төмөнкү квалификациядагы адистиктер жөнүндө болууда.
“Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды мекенинде күтүшү керек. Чет өлкөлүк жумушчулардын Орусияга келген жакындары топтошуп жашап, өз тилдеринде сүйлөп, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле кылышат. Коммуналдык кызматтарга акы төлөбөй, өтө ири суммада карызын калтырып кеткен учурлар да көп. Бул маселелердин баарын чечүү үчүн төмөнкү квалификациядагы чет өлкөлүктөргө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу зарыл. Келип, иштеп, кайра үйүнө кайтышы керек. Башка сөз болушу мүмкүн эмес", — деп билдирген ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкий "РИА Новости" агенттигине.
Демилгечилердин айтымында, учурда мигранттардын балдары менен жумушсуз жубайлары күйөөсүнүн эмгек келишиминин же патентинин негизинде Орусияга эч тоскоолдуксуз кирип, көзөмөлсүз миграция агымын жана социалдык чыңалууну жаратууда.