Сапардын алкагында, Өзбекстан менен Азербайжандын лидерлеринин төрагалыгы алдында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү каралган.
Саммиттин күн тартибинде Өзбекстан менен Азербайжандын стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери бар.
Өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, кызматташуу долбоорлорунун жаңы портфелин түзүүгө, бизнес байланыштарды өнүктүрүүгө, транспорттук-коммуникациялык потенциалды ачууга, маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө басым жасалат.
Президенттер эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү менен биргелешкен жолугушуу өткөрүп, бир катар бизнес жана маданий иш-чараларга катышат.