Ссылки доступа

Казакстанда ата-энесинин камкордугусуз калган балдар Өзбекстанга кайтарылды


Казакстанда ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Өзбекстанга кайтарылды. Бул тууралуу "Дунё" агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Башкы консулдугу "Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо борбору" жана Алматы шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 17, 12 жана 2 жаштагы кыздарды мекенине кайтаруу үчүн зарыл болгон документтерди топтоп, 24-августта аларды өзбек ИИМине караштуу Мыйзам бузуулардын алдын алуу башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Билдирүүдө балдар Казакстанда эмне себептен ата-энесинин камкордугусуз калганы жазылган эмес.

Буга чейин Өзбекстанга Орусиянын түрдүү аймактарынан 31 бала кайтарылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG