"Окуя күндүз, жатаканадагылардын көбү жумушта жүргөндө болду. Кирип келген ОМОН кызматкерлери эч нерсе түшүндүрбөстөн эле дароо эшик-терезелерди, дубалдарды талкалап, мигранттардын буюмдарын сыртка ыргыта башташты. Бул жерде жашагандардын баарынын документтери жайында болчу. Мигранттардын буюмдары көчөдө же урандылардын алдында калды", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген мигранттардын бири.
Анын айтымында, жатаканада негизинен Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары жашаган. Алардын көбү жакында эле үч айга алдын ала жатакана акысын төлөп коюшкан.
Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын, анын ичинде тажикстандыктардын абалы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин кыйла оорлоду. 144 киши каза болуп, 500дөн ашык адам жаракат алган ал теракт боюнча кармалгандардын көбү Тажикстандын жарандары.
Теракттан кийин Орусияда мигранттарга каршы рейддер, текшерүүлөр жана кармоолор күчөп, жапырт өлкөдөн чыгаруу учурлары көбөйгөн. Алардын көбү мигранттардын укуктарынын бузулушу менен коштолгон.
Акыркы алты айдын ичинде Орусиядан Тажикстандын 17 миң жараны чыгарылган.