Маалыматка караганда, окуя 1-сентябрда «Эгемендиктин 25 жылдыгы» шахтасында болгон.
«Кенге жакын жашаган жарандар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок. Кырдаал толук көзөмөлгө алынды», - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Жергиликтүү бийлик учурда абанын булгануу деңгээлин изилдөө жана абалды жоюу иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Аз өлчөмдөгү күкүрттүү суутек аралашкан абадан деп алуу – баш айланууга, баш ооруга, жүрөк айланууга, кусууга, ал эми көбүрөөк концентрацияда комага, калчылдоого, тырышууга, өпкө шишигине жана өлүмгө алып келет. Жогорку концентрацияда бир ингаляция дароо өлүмгө алып келиши мүмкүн.