Ссылки доступа

CPJ Казакстанда журналисттерди аккредитациялоонун жаңы эрежелерине тынчсызданды


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Казакстанда журналисттерди аккредитациялоонун жаңы эрежелерине тынчсыздануусун билдирип, чет элдик журналисттерди каттоого өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

CPJ бул эрежелер цензурага жол ачып, сынчыл көз караштагы журналисттердин үнүн басат деп эсептейт.

Жаңы эрежелерге ылайык, маселен, аткаминерлерге иш-чарага тиешеси жок суроолорду берген журналисттердин аккредитациясы алты айга токтотулушу мүмкүн. Журналисттердин мамлекеттик мекемелерде жүрүүсүнө да чектөөлөр киргизилип, мыйзам бузуулар үчүн айып пул салынышы ыктымал.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун сөз эркиндиги индексинде Казакстан быйыл 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга ээ болду. Баяндада өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, бийлик медианы үгүт куралына айлантып, кабарчылар брифингдерде цензурага кабылып, көз карандысыз журналисттер куугунтукталып жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG