Ссылки доступа

Алишер Кадиров: Өзбекстандын мыйзамдарында советтик идеологияны үгүттөөгө тыюу салынышы керек


Өзбекстанда советтик идеологияны, доорду жана символдорду пропагандалоого мыйзам менен тыюу салуу керек. Бул тууралуу “Миллий тикланиш” партиясынын лидери, Олий Мажлистин (парламент) Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары Алишер Кадиров өзүнүн Telegram-каналына жазды.

Мурдараак Самарканд шаардык кылмыш соту Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүүгө айыпталган жергиликтүү тургунга өкүм чыгарган.

«Соттун чечимин кубаттайм! Өзбек эли СССР өкмөтү тарабынан басмырланып, кемсинтилип, мурдагы жарааттарын азыр да айыктырып жатат. Улутту, наркты, ыйманды четке каккан советтик идеология бир гана өзбек элине эмес, бүткүл адамзатка апаат алып келди, анын калдыктары дагы эле балээ болуп калууда», - деп жазган ал.

Иштин материалдарына ылайык, 1979-жылы Самарканд мамлекеттик университетин бүтүргөн Э. Хасанов аттуу жаран СССРди калыбына келтирүү маселесин көтөргөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Хасанов Алексей Иванович деген адам менен YouTube аркылуу таанышып, 2023-жылдын 3-май айында Москвага барган. Ал жерден Советтер Союзун калыбына келтирүүнү каалаган адамдарга жолугат. Ошондон кийин социалдык тармактар аркылуу Өзбек ССРи болушу керек деген пикирди жайылта баштаган.

Экспертиза анын материалдарында Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшүн мыйзамсыз өзгөртүүгө чакырган идеялар камтылган деген бүтүмгө келди.

Хасанов күнөөсүн моюнга алган жок, бирок соттон жазасын жумшартууну өтүндү. Сот анын улгайган жашын, мурда соттолбогонун эске алып, 3 жылга эркиндигин чектөө чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG