Буга чейин тажик бийлиги соодагерлерге бажыдан өтпөй калган унааларды башка өлкөгө алып кетүүнү, же тетик катары сатууну сунуштаган.
2023-жылдын октябрында Тажикстан 2013-жылга чейин чыгарылган автоунааларды импорттоого тыюу салган. Мындай чечим “автопаркты реконструкциялоо, тейлөө сапатын жакшыртуу, жол кырсыктарын алдын алуу, курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алганын билдирген.
"Озоди" радиосунун колуна тийген документке ылайык, 2-сентябрда Тажикстандын президенти Бажы кызматынын кайрылуусуна жооп кылып, кармалып турган унааларды чыгарууга буйрук берген.
Мурдараак машине алып-сатып иштеген соодагерлер айрым эски унааларды токтом күчүнө кире электе сатып алышканын, бирок Тажикстанга убагында жеткире албай, кийин бажыда кармалып калганын билдиришип, унааларды тариздөөгө уруксат берүүнү суранышкан.