Окуя үстүбүздөгү жылдын июль айында милиция кызматкерлери тоолуу кыштакта атайын фитнес зал куруп, күрөш жана ат минүүнү үйрөнүп жүргөн бир туугандарды кармаганда болгон.
Жабырлануучулардын бири Баймурад Якубов Денау райондук милиция бөлүмүндө кармалып чыккандан кийин төшөктө жатып калган. Укук коргоо кызматкерлери аны электрошокер менен урганы айтылууда. Полиция кыйноо боюнча айыптоолорду четке кагууда.
Бул айыптоо Өзбекстанда кыйноо үчүн жазаны катаалдатуу, анын ичинде 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган жаңы мыйзам долбоору талкууланып жаткан маалда белгилүү болду. Мыйзам долбоору 12-августтан 27-августка чейин талкууланган.
Укук коргоочулар акыркы жылдарда абактарда жана СИЗОдо каза болгондордун саны көбөйүп жатканы мурда кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуу эместигинен кабар берет деп эсептешет.