2021-жылы Тураевдин уулуна таандык De Nova Agro компаниясы 1 миллион жүзүмдүн көчөттөрүн алып келүү үчүн 9,95 миллиард сумга (700 миң доллардан ашык) тендерди утуп алган. Бирок көчөттөр жеткирилбей, жасалма эсеп-фактуралардын негизинде акча уурдалган.
Алишер Тураев 6 жылга эркинен ажыратылып, мамлекеттик органдарда жетекчи кызматарды ээлөө укугунан ажыратылды. Мансур Кузибеков 5 жыл 6 ай, Анаис Тураева 5 жыл 1 айга кесилди. Ал жазасын уулу үч жашка чыккандан кийин өтөй баштайт.