Ссылки доступа

Ооганстандык 160 аял Өзбекстанда окуйт


9-сентябрда Катардын борбору Дохада Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министрлиги менен Катардын Education Above All фонду ооган аялдарын медицина тармагында окутуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Өзбекстан менен Катар ортосундагы келишимдин алкагында Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 160 оогандык кыз-келинди медициналык адистиктер боюнча окутуу пландалууда.

Аларды Өзбекстандан келген тажрыйбалуу медицина адистери окутат, бул аялдардын кесиптик чеберчилигин жогорулатып, Ооганстандагы медицина тармагына кошкон салымын жогорулатары белгиленүүдө.

Долбоордун чыгымдарынын көбүн Катар тарап көтөрөт, тактап айтканда, Education Above All фонду ооган аялдарын окутууга, турак-жай жана башка керектүү чыгымдарга 2,2 миллион доллар бөлөт.

XS
SM
MD
LG