Маалыматка караганда, 2022-жылдын сентябрь айында Б.З. Орусияга иштегени кеткен. Орусияда ал наабайчы болуп жумушка орношкон, бирок көп өтпөй Telegram-каналы аркылуу “Вагнер” жеке аскердик компаниясындагы жумуш жөнүндө жарнакты көргөн. Алты айга түзүлгөн келишим боюнча, ага согуштук аракеттерге катышканы үчүн 240 миң рубль айлык акы, ошондой эле 21 күндүк машыгуу үчүн 45 миң рубль убада кылынган.
Ал киши 2023-жылдын июнь айында Евгений Пригожиндин козголоңуна байланыштуу даярдыктарга жана иш-чараларга катышкан. Кийинчерээк алар Белоруска өтүп, ал жерде 2023-жылдын сентябрына чейин болуп, андан кийин Ташкентке кайтып келген.
Сот анын күнөөсүн мойнуна алганын, өкүнгөнүн жана жашы жете элек баласы, майыптыгы бар жубайын эске алып, жазаны жумшарткан. Анын негизинде 4 жылга эркиндигин чектеди. Ага саат 22:00дөн 6:00гө чейин жашаган жеринен чыгууга, коомдук иш-чараларга катышууга жана Өзбекстандан чыгууга тыюу салынды.
Буга чейин “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын ишине катышканы үчүн дагы бир өзбек жараны соттолгон.