Ссылки доступа

Казакстанда 4 киши, 2 уюм АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөнү үчүн айып пулга жыгылды


12-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумдун алдында сурамжылоо эрежелери бузулган сегиз факты аныкталганын жарыялады.

«Бүгүнкү күндө республикалык референдумга байланыштуу коомдук пикирди мыйзамсыз сурамжылоо боюнча 8 факты аныкталды. 6 учурду жеке адамдар, 2 учурду референдумдун борбордук комиссиясына алдын ала билдирбеген юридикалык жактар ишке ашырган. Бул фактылар боюнча прокуратура буга чейин төрт жаранга жана эки юридикалык жакка Казакстандын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 120-беренесинин 3-бөлүгү менен айып тагып, айып пул салган», — деп айтылат маалыматта.

Калган учурлар боюнча прокуратура аларды жоопко тартуунун үстүндө иштеп жатат.

10-сентябрда Алматынын административдик соту жарандык активист Абзал Достияровго Казакстандагы атомдук электр станциясынын курулушу боюнча сурамжылоо жүргүзгөн видеосун YouTube-каналында жарыялаганы үчүн 116 долларга айып пулга жыгылган.

Казак бийлиги сурамжылоону Казакстанда катталган, беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар юридикалык жактар гана жүргүзө ала турганы айтып жатат. Бул тууралуу алар Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, керектүү документтерди тиркөөлөрү керек.

2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон. Референдумга бир гана "Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?" деген суроо коюлат.

XS
SM
MD
LG