Ссылки доступа

Алматы полициясы журналист Ниязовду кармап, кайра бошотту


Алматы полициясы 12-сентябрда Ютубдагы "Обожаю" каналынын автору, журналист Асхат Ниязовду кармап кетти. Аны кармоо акимчиликтин күзөт кызматынын имаратта “шектүү адамдар” жүргөнү тууралуу рапорт бергенине байланыштуу болгону айтылды.

Социалдык тармактарда Ниязов полициянын унаасына отурган видео пайда болду. Видеонун автору эмне үчүн кармалганын сураганда, журналист аны Алматы акимчилигинде тартип бузууга айыптап жатышканын айтты. Видеодогу полиция аны кайда алып бара жаткандыгы тууралуу суроого жооп берген жок.

Кийинчерээк дагы бир видео жарыяланып, анда полиция кызматкери акимчиликтин коопсуздук кызматы имаратта шектүү адамдар жүргөнү тууралуу кабар бергенден кийин активист кармалганын айткан.

Ниязов Бостандык райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, бир саатка жетпей кое берилген. Ал акимчиликке оператору менен барганын, имараттын алдында акимди күтүп отурганын билдирди.

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Ниязов жана анын оператору жагдайды тактоо үчүн полицияга чакырылганын тастыктады.

XS
SM
MD
LG