Бул тууралуу анын жактоочусу Мейиржан Доскараев 16-сентябрда “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.
Анын айтымында, Жыланбаев ачкачылык акциясын 12-сентябрда баштаган. «Мен Марат Жыланбаевден жаңы эле чыктым. Кечээ ал мыйзамсыз 7 жылга кесилгени үчүн 40 күндүк ачкачылык акциясын баштады. Учурда ал ачкачылык жарыялап жатат. Азырынча анын ден соолугу жайында», — деген адвокат 13-сентябрда жарыяланган видеодо.
Адвокаттын айтымында, Марат Жыланбаев АЭСтин курулушуна каршы позициясын да билдирген.
Мейиржан Доскараевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Жыланбаев абакка түшкөндөн бери бир нече жолу ачкачылык жарыялаган. Акыркы жолу абактагы кысымга каршы июнь-июль айларында ачкачылык кармаган. Анда ачкачылык акциясы 30 күнгө созулган. Июль айында Акмола облусунун Жаза аткаруу департаменти эч кандай кысым болбогонун билдирген.
Ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген «Алга, Казакстан» оппозициялык партиясынын негиздөөчүсү, бүткүл дүйнөгө белгилүү марафончу жана активист Марат Жыланбаев бир жылдан бери камакта отурат. Былтыр ноябрда ал «экстремизмди каржылоо» жана «тыюу салынган уюмга катышуу» деген айыптар менен жети жылга кесилген. Мындай айыптоону ал өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келишет.