Ссылки доступа

Тажикстанда муфтийге кол салууну бейбаштык деп аташты


Тажикстандын Ички иштер министрлиги жакында муфтий Саидмукаррам Абдулкодирзодага бычак менен кол салууну “бейбаштык” деп мүнөздөдү. Ал чекесинен жаракат алып, бирок ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган.

Окуя 11-сентябрда болгон. Абдулкодирзода намаздан кийин эл алдында сүйлөп жатканда кол салууга учураган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, мечиттегилер кол салган адамды милиция келгенге чейин кармашкан.

ИИМдин расмий билдирүүсүнө карабастан, тажикстандыктардын көбү бул кокустан жасалган бейбаштык экенинен күмөн санашууда. Алар муну муфтияттын өкмөттүн дин боюнча катаал саясатын колдогону менен байланыштырышат. Июль айында Абдулкодирзода башында турган Уламалар кеңеши хижабга каршы фатва чыгарып, коомчулукта талаш-тартыштарды жараткан.

Шектүү камакта, бирок анын тек-жайы жана кол салуунун себеби тууралуу толук маалымат азырынча айтыла элек.

XS
SM
MD
LG