Мыйзам бузгандар курулуш калдыктарын жана башка таштандыларды, талааларда жана эл жашаган аймактарда жалбырактарды жана отоо чоптү өрттөшкөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлиги билдирди.
Мыйзам бузуу жергиликтүү экология департаменти жүргүзүгөн рейддердин жүрүшүндө аныкталган. 9 айда 1356 укук бузуу катталса, анын 117си кызмат адамдары тарабынан жасалган.
Тартип бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп, жалпысынан 332 миллион сум (26 миң долларга жакын) айып салынган.