Авария 17-сентябрда болуп, төрт адам көз жумган, 11и ооруканага жаткырылган.
Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов брифингде кенди иштетүү өтө оор татаал экенин айтып, техникалык тарабы боюнча маалымат берди. Бул бир айдын ичинде аталган кендеги экинчи кырсык — биринчи авария 1-сентябрда бургулоо иштери учурунда болгон. Жергиликтүү тургундар эвакуацияланганына карабай, каза болгондор тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болгон.
Биринчи кырсыктан кийин бийлик кырдаал көзөмөлдө экенине ишендирген, бирок бир нече күндөн кийин газ кайра агып чыккан.