Ссылки доступа

Зордуктоого шектелген киши Орусиядан Казакстанга экстрадицияланды


Казакстандын Башкы прокуратурасы өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелген Казакстандын жаранын Орусиядан экстрадициялаганын билдирди. Шектүү беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал 2023-жылдын сентябрь айында Чымкент шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринде 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган.

«Кылмыш жасагандан кийин шектүү дайынсыз жоголуп, эл аралык издөөгө алынган. Ушул жылдын апрель айында Орусиянын Новосибирск шаарында кармалган. Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча орус тарап шектүүнү экстрадициялоо чечимин кабыл алды», — деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Учурда шектүү СИЗОго киргизилди. Анын аты-жөнү жана жашы айтыла элек.

XS
SM
MD
LG