Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган.
“Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү бар”, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.
Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.
Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, Акаев бул боюнча аны менен кеңешпегенин айткан.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.
Ага 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.
Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун айткан.
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.