Ссылки доступа

Израилдин Коргонуу армиясы "Рафах" көзөмөл-өткөрмө бекетин басып алганын билдирди


Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) бүгүн эртең менен "Рафах" көзөмөл-өткөрмө бекетинин Газа тилкеси тараптагы бөлүгүн басып алганын билдирди. Азырынча ал аркылуу автоунаалар өткөрүлбөй жатканы кабарланууда.

ЦАХАЛ 7-майга караган түнү жердеги операциясынын жүрүшүндө АКШда жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобунун 12 жоочусу өлтүрүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары үч өтмөк табылып, израил танкын сүзүүгө аракет кылган жардыруучу зат салынган автоунаа жок кылынганы кабарланды. Учурда ЦАХАЛ жаңы ээлеген аймакты тазалоо менен алектенип жатканы айтылууда.

Күн мурун Израилдин аскердик кабинети Египет менен чектеш аймакта жайгашкан Рафах шаарындагы операциясын улантуу чечимин кабыл алган. Израил тарап барымтадагы адамдарды бошотуу максатында мындан ары да ХАМАСка басым жасай берерин билдирип, Рафах радикал топтун акыркы таянычы экенин белгилеген.

Израил Рафах шаарына аскерлери менен техникаларын киргизгенден кийин ХАМАС Газа тилкесинде ок атууну токтотууга макул болгонун билдирген. Бул тууралуу топтун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Катардын премьер-министрине жана Египеттин чалгын кызматынын башчысына маалымат беришкен.

Ал арада "Аль-Жазира" телеканалы ХАМАСтын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып, радикал топтун сунушунда израил аскерлерин толугу менен Газа тилкесинен чыгаруу жана камактагы палестиналыктардын ордуна барымтадагы адамдарды өткөрүп берүү каралганын жазды.

Ошол эле маалда израил аткаминерлеринин бири Reuters агенттигине берген мегинде ортомчулар палестин тарапка Египеттин "жумшак" сунушун жеткиргенин билдирген. Ал сунуш Израилге ылайык келбей турганы айтылды.

Дүйшөмбү күнү израил аскерлери Рафах шаарынын тургундарын Израилге жакын жайгашкан чыгыш райондордон чыгып кетүүгө чакырышкан. ЦАХАЛ ал жерде палестиналыктар үчүн кеңейтилген гуманитардык аймак түзүлгөнүн билдирүүдө.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси Израилдин операция башталган жети айдан бери бул тилкеде жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG