Ссылки доступа

Айкөркөмдүн иши: айыпталуучу 7 жылга соттолду


Арман Жуман
Арман Жуман

Казакстандын Аскердик соту төрт жаштагы Айкөркөм Мелдехандын өлүмү боюнча “кызмат абалынан аша чапкан” деп айыпталган аскер кызматкери Арман Жуманды 7 жылга эркинен ажыратты. Натыйжада биринчи инстанцияда чыккан актоо өкүмү күчүн жоготту.

Айыптоочу тарап өкүмгө канааттанганын билдирди.

Өз кезегинде Айкөркөмдүн атасы Айдос Мелдехан өкүмгө макул эместигин айтты.

“[Арман Жуман] “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” эмес, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча соттолушу керек болчу. Жети жыл деген эмне? Эки жылдан кийин чыгат”,- деди ал “Азаттыктын” казак кызматына.

Өз кезегинде соттолгон адамдын жактоочусу Оксана Мусахранова өкүмгө каршы даттанарын билдирди.

"Арман Жумандын ыйгарым укуктарынан аша чапканына бир дагы далил жок", - деп баса белгиледи ал.

Айкөркөм Мелдехан 2022-жылы 7-январда бир туугандары менен машинада отурганда башынан ок жеп каза болгон. Эжеси жарадар болуп, операция жасалган.

Жуман июлда буйрукту аткарганын, адам өлтүрүү ниети болбогонун журналисттерге айткан.

Арман Жуманды Алматы гарнизонунун Аскер соту былтыр ноябрь айында актаган.

Жабырлануучу тарап Жумандын аракеттерин “кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу” эмес, “адам өлтүрүү” деп сыпаттоону талап кылып келген.

Кошуна өлкөдө 2022-жылдын 2-январында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG