Тажикстанда электр кубатына чектөө былтыр октябрь айында киргизилсе, быйыл эртерээк башталат. Жергиликтүү тургундар буга чейин Дүйшөмбүдө жана башка аймактарда электр жарыгы өчүп жатканын билдиришкен.
Өлкөнүн энергетика министри калкты кышка алдын ала даярданууга жана көмүр камдоого чакырды. Үчүнчү турбинасын 2025-жылы ишке киргизүү пландалып жаткан Рогун ГЭСинин курулушу аяктаганга чейин энергетикалык чектөөлөр күчүндө болот деп күтүлүүдө.
Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасына кайра кошулганы менен электр энергиясынын тартыштыгы чечилбей келет.