Ссылки доступа

Улуу Британияда премьер-министр кызматы үчүн жарыш уланууда


Борис Жонсон

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон ички добуш берүүдө 100дөн ашык консерватор-депутаттын колдоосун алды. Бул ага партия лидерлигине жана өкмөт башчылыкка талапкер болууга мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу Sky News, The Sunday Times жана "Би-Би-Си" басылмалары Жонсондун айланасындагы өз булактарына таянып кабарлашты.

"Би-Би-Синин" эсебине ылайык, 357 консерватор-депутаттын ичинен 203ү кайсы талапкерлерди колдой турганын коомчулукка ачык жарыялаган. Алардын 53ү гана экс-премьерди колдогон.

Жонсондун каршылаштары – мурдагы финансы министри Риши Сунак 127 депутаттын, Жамааттар палатасынын лидери Пенни Мордонт 23 депутаттын добушуна ээ болгон.

Сунактын жактоочулары Жонсонду колдогондордун саны тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны далилдөөнү талап кылып жатышат.

Ушул маалга чейин Пенни Мордонт гана премьерликке жарышка түшөрүн расмий жарыялады.

Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.

20-октябрда Лиз Трасс премьер-министрлик кызматтан кеткен. Ал бул кызматты 44 гана күн аркалап, британ тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG