Ссылки доступа

Молдованын экс-президентине мамлекеттик чыккынчылык айыбы тагылды


Игорь Додон, Кишинёв. 24-май 2022-жыл
Игорь Додон, Кишинёв. 24-май 2022-жыл

Молдованын Антикорруциялык прокуратурасы өлкөнүн экс-президенти Игорь Додонго төрт айып такты. Алардын арасында "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" жана "Коррупция" беренелери бар.

Бүгүн прокурорлор экс-президентти 30 суткага камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылат деп күтүлүүдө. Буга чейин Додондун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ал 72 саатка камалган.

Экс-президент тагылган айыптарды четке кагып, бул бийликтин саясий куугунтугу экенин билдирүүдө.

Тергөө Додонду молдовалык олигарх Владимир Плахотнюктан пара алган деп айыптоодо. Буга 2019-жылдагы видеожазуу себеп болгон. Жашыруун камера менен тартылган видеодо Плахотнюк ал кездеги президент Игорь Додонго кара баштык берүүгө аракет жасаган. Додон ага тийген эмес, бирок "сиз кайрадан баштык менен келдиңиз" деп айткан жана аны "Костя" деген кишиге берүүнү сураган. Видеодо Додон менен Плахотнюк конституциялык көпчүлүккө ээ болгон парламенттик коалиция түзүү маселесин да талкуулашкан.

Владимир Плахотнюк – Молдованын Демократиялык партиясынын мурунку төрагасы. Ал Молдова парламентинде эки чакырылышта депутат жана вице-спикер болгон. Бир нече жыл мурда Плахотнюкка каршы кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал Орусияда да бир катар кылмыштарга айыпталган.

Додон орусиячыл саясатчы болуп эсептелет. Президент кезде бир нече жолу Москвага барып, Кызыл аянтта Жеңиш парадына катышкан.

XS
SM
MD
LG