Ссылки доступа

Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыга дагы эки айып тагылды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалдыга салык төлөөдөн качуу жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоо айыптары тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Сатыбалдыга каршы буга чейин козголгон "Казактелеком" жана "Транспорттук тейлөө борбору" ишканаларындагы ири өлчөмдөгү уурулукка байланышкан иштер боюнча тергөө аяктады. Ал боюнча беш киши айыпталуучу катары өтүүдө.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө фигуранттардын жалпы суммасы 240 миллиард теңгеге (500 миллион доллардан көп) бааланган активдери менен каражаттары мамлекетке кайтарылган.

"Айыпталуучулардын башка да мыйзамсыз активдерин издөө иштери уланууда. Өлкөнүн ичинде жана сыртында дагы 900 миллион долларга бааланган кыймылсыз мүлктөр, автоунаалар жана каражаттар аныкталды, алар жакынкы убактарда мамлекетке кайтарылат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң таасирдүү ишкерлердин тизмесине кошкон. Ал 2022-жылы мартта кармалган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалдынын "Казактелекомдогу" уурулукка гана эмес, "мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан" башка да кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилерин билдирген.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Сатыбалды 2016-жылы өзүнүн Alatau Capital Invest компаниясы аркылуу "Казактелекомдун" акцияларынын дагы 4% сатып алган.

Кайрат Сатыбалды кармалгандан бир нече апта өткөндөн кийин Казакстандын өкмөтү анын "Казактелекомдогу" акцияларынын 28,8% мамлекеттин менчигине алуу токтомун чыгарган.

Май айынын башында "Самрук-Казына" фондунун башкармалыгынын төрагасы Алмасадам Саткалиев "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, Сатыбалды "Казактелекомдогу" акцияларын мамлекетке "белекке берүүгө даяр" экенин айткан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG