Ссылки доступа

Орусияда YouTube'дун ылдамдыгы 70% төмөндөй турганы айтылды


Александр Хинштейн
Александр Хинштейн

Орусияда кийинки аптанын аягында YouTube сервисинин ылдамдыгы 70% төмөндөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик Думадагы "Бирдиктүү Орусия" фракциясынын депутаты, маалыматтык саясат боюнча комитеттин төрагасы Александр Хинштейн билдирди.

Анын айтымында, бул чара видеохостингдин компьютердик версиясына гана тиешелүү болуп, азырынча мобилдик версиясына таасир этпейт. Ал YouTube'дун Орусиядагы ылдамдыгын жасалма жол менен жайлатуу – аргасыз кадам экенин белгилеп, бул сервистин жетекчилиги "орус мыйзамдарын эч жазасыз бузуп жатканына" байланыштуу экенин айтты.

"Мунун баары тең хостингдин Орусияга каршы саясатынын кесепети. Сервис батыштын көз карашына туура келбеген позициясы бар коомдук ишмерлерибиздин (блогер, журналист, артист) каналдарын өчүрүп жатат", – деди Хинштейн.

Июлдун башында YouTube'дун администрациясы Украинадагы согушту активдүү колдоп жаткан орусиялык бир катар ырчылар менен артисттердин каналдарын бөгөттөгөн. Буга АКШ менен Европа биримдигинин санкцияларынын 14-топтомунун алкагында орус ырчыларына карата киргизилген чектөө чаралары себеп болгон.

Хинштейн Орусияда YouTube'дун ылдамдыгынын төмөндөшүнө бийликтин тиешеси бар экенин ачык ырастаган алгачкы аткаминер болуп калды. Буга чейин бир катар бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков YouTube'дун ылдамдыгынын төмөндөшүн техникалык себептер менен түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG