Ссылки доступа

АКШнын мамкатчысы Азербайжанды Карабакта ок атууну токтотууга чакырды


Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн 19-сентябрда Тоолуу Карабакта башталган аскердик операциясынан 30дан ашык адам өлүп, 200дөн ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Армениянын акыйкатчысы Анахит Манасян билдирди.

"Азербайжандын Куралдуу күчтөрү карапайым калкка каршы ири калибрлүү куралдарды, анын ичинде артиллерияны колдонууда. Аткылоонун кесепетинен 32 адам каза болуп, 200дөн ашуун киши жарадар болду. Набыт болгондордун арасында жети жай тургун бар", — деди Манасян.

Анын айтымында, Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн Тоолуу Карабактагы аракеттеринин натыйжасында турак-жайлар жана автоунаалар зыянга учурады.

Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Армения жана Азербайжандын президенттери менен 19-сентябрдын кечинде сүйлөшкөн. Ал Алиевди Тоолуу Карабактагы аскердик операцияларды дароо токтотууга жана диалогго кайтууга чакырган.

Ал эми Никол Пашинянга АКШ "толугу менен Армениянын аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана суверенитетин колдой турганын" айткан.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган. Баку билдиргендей, буга 19-сентябрдын таңында алты азербайжандык жарандын минадан мүрт кеткени түрткү болду. Азербайжандын бийлиги окуяны "теракт" деп атап, аны Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынан көргөн. Жикчил аймактын бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

Европа Биримдиги менен Орусия да Бакуну аскердик операцияны токтотууга чакырышты.

Эл аралык коомчулук Азербайжандыкы деп тааныган аймактагы соңку кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши 21-сентябрда чукул жыйынга чогулат.

XS
SM
MD
LG