Ссылки доступа

43 мамлекет Навальныйдын өлүмүн көз карандысыз тергөөнү талап кылды


43 мамлекет орус оппозиционери Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Оппозициячы Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы колонияда каза болгон. Тарапташтары ал өлтүрүлгөн деп эсептешет.

43 мамлекеттин атынан көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарылдыгын 4-мартта Евробиримдиктин БУУдагы делегациясынын башчысы Лотте Кнудсен билдирди. Анын айтымында, 43 мамлекет саясатчынын өлүмү үчүн жоопкерчилик Орусиянын президенти Владимир Путинде деп эсептейт.

"Орусия [эл аралык коомчулукка] анын [Навальныйдын] күтүүсүз өлүмүнүн жагдайларын көз карандысыз жана ачык-айкын иликтөөгө уруксат бериши керек", - деди Кнудсен.

Эл аралык иликтөөнү талап кылгандардын арасында ЕБ өлкөлөрү, АКШ, Улуу Британия, Украина, Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана Норвегия бар.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган.

47 жашында каза болгон Навальныйдын сөөгү 1-мартта жерге берилген. Жума күнү аны менен коштошуу зыйнатына миңдеген адамдар келди.

Оппозициячыл саясатчы камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG