Ссылки доступа

Орусияда 20дан ашык өзбекстандык мигрант маянасын эки айдан кийин араң өндүрүп алды (видео)


Работали в Москве и два месяца выбивали из работодателя зарплату: история рабочих из Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Орусиядагы айрым иш берүүчүлөр Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарды жергиликтүү мыйзамдарды билбегенинен пайдаланып, кээде алдап коюшат.  Москвадагы курулуш компаниялардын биринде Өзбекстандын 22 жараны ушундай көйгөйгө туш болгон.

Алар эки ай маянасыз иштешкен. Мындан улам мигранттар бөтөн шаарда жашоо үчүн насыя алууга аргасыз болушкан. Албетте, алар үй-бүлөсүнө жардам бере алышкан эмес. Иш берүүчү аларга акчаны полицияга кайрылгандан кийин гана берген.

Өзбекстандын жарандары 2024-жылдын май айында Орусиядагы компанияга жумушка алынган. Жумушчуларга эмгек акы белгиленген суммада жана кечиктирилбестен төлөнүп берилери убадаланган. Бирок алар менен иш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими да түзүлгөн эмес.

"Мага 108 миң рубль (1100 долларга жакын) карызы бар, айрым балдардын аласысы 150-160 миң рубль", - дейт жабырлануучулардын бири Дониёр Самандаров.

“Мага 176 миң рубль карыз”, - деди дагы бир мигрант Акмалжон Абдувохидов

"Алар мага күнүнө 4200 рубль төлөй турганын айтышкан, мен 40 күн иштедим, бирок бир тыйын да алган жокмун", - дейт Өзбекстандан келген дагы бир мигрант Мурод Рахмонов.

Айлыкты күтпөй башка жумуш издөөгө аргасыз болгондор да бар. Бирок көбү полицияга кабарлашкан. Ишке укук коргоо органдары кийлигишкенден кийин гана жумуш берүүчү мигранттардын айлыгын төлөп берген.

XS
SM
MD
LG