Ссылки доступа

Орусиянын Тергөө комитети тажикстандык окуучунун сабалышын иликтей баштады


Орусиянын Тергөө комитети мектеп окуучусунун сабалышын иликтейт. Бул тууралуу "Фонтанка" басылмасы жазды. Кеп Санкт-Петербургдун Приморск районундагы мектептердин биринде тартылган видео тууралуу болууда.

Видеодон эки мектеп окуучусу классташ кызын сабап жатканын көрүүгө болот. Бул учурда алардын жанында балдарды ажыратууга аракет кылбаган аял турган. Ал мугалим болушу мүмкүн экени айтылды.

Видео өспүрүмдүн ксенофобиялык комментарийлери менен коштолгон. "Орусия орустар үчүн, Москва москвалыктар үчүн", - деген ал.

"Фонтанканын" жазганына караганда, бул ур-токмокко алуу учуру февраль айында болгон. Окуя мектеп жетекчилигине жеткен эмес.

Коопсуз Интернет лигасынын жетекчиси Екатерина Мизулина 19-апрелде видеого көңүл бурган.

"Эмне үчүн мектептер мындай окуяларды жаап-жашырууга аракет кылышары чоң суроо. Бул туура эмес", - деп жазган ал.

Бул окуяга Дагестандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жамал Алиев реакция жасады. Ал сабалган мектеп окуучусу дагестандык экенин айтып, Санкт-Петербургдун прокурору Виктор Мельникке кайрылганын билдирди. Кийинчерээк кыз Тажикстандын жараны экени белгилүү болду. Аткаминер кыздын сабалышын "мектепте фашизмдин жаралышы" деп атады.

"Мужское государство" аттуу ашынган оңчул уюмунун лидери Вячеслав Поздняков видеону тартып алган мектеп окуучусу кармалганын жазды. Поздняковдун айтымында, өспүрүмдүн психикалык көйгөйлөрү бар.

XS
SM
MD
LG