Ссылки доступа

"Алга, Казакстан!" партиясын каттоодон өткөрүүнү талап кылган активисттерге айып пул салынды

Ермек Конышбай
Ермек Конышбай

Быйыл 31-майда Чымкентте оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын каттоодон өткөрүү жана саясий туткундарды бошотуу талабы менен акция өткөргөн активисттер Азия Абиевага, Айжан Жолдасовага жана Ермек Конышбайга айып пул салынды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, активисттерге "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча протокол түзүлгөн. Полициядан алар алгач акциясы тууралуу шаар бийлигине билдирме жөнөтүп, уруксат алышы керек болгонун билдиришти.

Иштин материалдарына ылайык, Конышбай акция маалында "Токаевге импичмент, Назарбаев камалсын!" деп кыйкырган.

Сот Жолдасова менен Конышбайды 110 760 теңгеден ($230), Абиеваны 77 532 теңге ($161,5) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди. Алар бул чечимге макул эмес экенин айтып, ал боюнча даттанарын билдиришти.

"Партияны каттоодон өткөрүү талабы митинг деп эсептелбейт. Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү саясий туткундарды бошотууну талап кылуу кылмыш эмес. Мен апелляция берем", – деди Конышбай.

"Алга, Казакстан!" партиясын түзүү боюнча топ 2022-жылдын май айынан бери аны каттоодон өткөрүү өтүнүчү менен Юстиция министрлигине 20дан ашык жолу кайрылган. Бирок мекемеден талаптар толук аткарылбаганын айтып, документтерди активисттердин өзүнө кайтарып келишет. "Алга, Казакстандын" өкүлдөрү бийлик аларды саясий негиздер менен каттабай жатат деп эсептөөдө. 18-майда юстиция министринин орун басары Алма Муканова партияларды каттоодо мекеме алардын "саясий позициясына карабай турганын" айткан.

"Алга, Казакстан!" партиясынын лидери, оппозициялык активист жана белгилүү марафончу Марат Жыланбаев былтыр ноябрда жети жылга соттолгон. Ага "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG