Активисттин адвокатынын айтымында, Сыздыковго козголгон иш ойдон чыгарылган.
Адвокаттын айтымында, укук коргоочунун кармалышына байланыштуу документте "Сыздыков маңзат сатты" деген дарек ар башка көрсөтүлгөн. Буга кошумча, андан 3,9 грамм маңзат сатып алдым деген Иванов аттуу адам акчаны Сыздыковдун банк картасына которгонун айткан.
Адвокат муну жалаа деп эсептейт. Айтымында, Сыздыков 2021-жылы "экстремисттик уюмдун ишине катышты" деген айып менен үч жылга эркиндиги чектелип, ал кезде банк карталары бөгөттөлгөн.
"Ошондон кийин ал автоматтык түрдө банк картасын ача албайт же кимдир бирөөгө ишеним кат бере албайт, бул [иш] саясий куугунтук деп эсептейм", - деп баса белгиледи адвокат.
Сыздыков 16-майда кармалган. Анын жубайы Айгүл Токпаеванын айтымында, укук коргоочу негизсиз камалган. Айдар Сыздыковду эч кандай далилсиз алып кетишкен.
Быйыл март айынын башында Астана соту Сыздыковду 2023-жылдын март айында Евробиримдиктин өкүлчүлүгүндөгү акцияга катышкандыгы үчүн 15 суткага камакка алган.
Айдар Сыздыков – саясий ишмер жана укук коргоочу. Казакстанда саясий туткундарды бошотуу талабы менен бир нече жолу тынчтык митингдеринде сөз сүйлөгөн.