"Кытай бийлиги Шинжаңдагы жүздөгөн айылдардын уйгурлар үчүн терең мааниге ээ аталыштарын өзгөртүп, аларды өкмөттүн пропагандасын чагылдырган атка айландырууда", - деди HRW уюмунун Кытайдагы директорунун милдетин аткаруучу Майя Ван.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Кытай бийлиги жалпысынан 2009-жылдан 2023-жылга чейин Шинжаңдагы 25 миң калктуу конуштун 3600дөн ашуун аталышына өзгөртүү киргизген; 630га жакын учурда диний терминдер жана уйгур тарыхын жана маданиятын эске салган ысымдар алынып салынган. Тактап айтканда, 1949-жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөнгө чейинки мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү жетекчилердин ысымдары, ошондой эле ордо, султан жана дутар (эки кылдуу аспап) сыяктуу сөздөр алынган.
Майя Ванг бул аталыштарды өзгөртүү Кытай өкмөтүнүн уйгурлардын тарыхын жана маданиятын жок кылуу аракетинин бир бөлүгү деп эсептейт.
Изилдөөчүлөр аймакка кире албагандыктан, аталыштардын өзгөрүшү жергиликтүү калкка кандай таасир эткенин билишпейт. Бирок алар аты-жөнү өзгөргөн айылдарда жашаган 11 уйгур менен маектешкен. Бул конуштардын биринин жашоочусу кайра тарбиялоо лагеринен чыккандан кийин билет сатуу системасынан өз айылынын атын таба албай калганын айтты. Мамлекеттик кызматтарга каттоого турууда да кыйынчылыктар жаралган.
Укук коргоочулардын айтымында, калктуу конуштардын аталыштары 2017–2019-жылдары Кытай бийлиги улуттук азчылыктарды активдүү куугунтуктай баштаганда көп өзгөргөн.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери айтылып келет. Андай маалыматтар иликтөөлөргө, күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделгени менен Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.
БУУ Бээжин бийлигинин Шинжаңдагы мусулман азчылыгына жасаган мамилеси "адамзатка каршы кылмышка" барабар болушу мүмкүн деп эскерткен.