Ал православ чиркөөсүндө шамдарды өчүрүп, чиркөөдөгү аялды түртүп жиберген. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө комитети Бутаевге дин тутуу эркиндигин бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду.
Окуя 18-июнь күнү адмирал Федор Ушаков чиркөөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Бутаев ал жерде күйүп жаткан шамдардын баарын өчүрүп, андан соң чиркөөгө келген аялдардын бирин түртүп, кетип калган. Көп өтпөй ал кармалган.
Baza Телеграм-каналы билдиргендей, Аскар Бутаев Москвага бир нече күн мурун келген. Ал чиркөөнүн жанындагы жатаканада жашаган.
Бутаев күнөөлүү деп табылса, 200 миң рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн, же болбосо бир жылга чейин эркинен ажыратылат.