2016-жылы ырчы баңгизат сатуу боюнча соттолуп, бир жарым жыл мурун гана мунапыс менен эркиндикке чыккан.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, Хабибов 23-мартта Ирандан Түркмөнстанга кайтып келе жатканда чек арада кармалган.
"Ырчы Ирандан кайтып келе жатканда кармалган. "Ховдан-Бажырган" чек ара бекетинде текшерүү учурунда анын жеке буюмдарынан аз өлчөмдө маңзаты табылган. Кандай дары экенин айта албайм", — деди өз булак.
Ал Хабибов учурда Ички иштер министрлигинин тергөө абагында экенин кошумчалады.
Белгилүү түркмөн ырчысы кармалганын turkmen.news басылмасы да жазып чыкты. Бирок басылма Хабибов баңгизат сактаганы үчүн эмес, аны колдонгону үчүн кармалганын кабарлады.
Хабибов буга чейин баңгизат сактоо жана таратуу айыбы менен 12 жылга соттолгон.
2022-жылы сентябрда Хабибов Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жарыяланган мунапыс менен бошотулган. Буга чейин маңзатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн соттолгон адамдарга ырайым кылуу фактылары болгон эмес. Атүгүл, 2019-жылы Түркмөнстан мыйзамдарына маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш жасаган адамдарга ырайым берилбейт деген өзгөртүүлөр киргизилген.