Августтун башында ал жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылган, бирок юстиция министри ал сыркоо эмес экенин айткан
Зубайдулло Розиканын уулу аткаминердин сөзүн төгүндөп, атасына дары керек экенин айтты. Тажикстанда абактагылардын абалы тууралуу маалымат алуу өтө кыйын жана түрмө жетекчилиги суроо-талаптарга жооп бербейт.
Зубайдулло Розик аскердик козголоңго катышкан деген айып менен 2015-жылы кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын үй-бүлөсү жана диний партиянын чет элдеги жетекчилиги айыптоону четке кагып, бийлик саясий оппоненттерин жок кылууну көздөп жатат деп айтып келет.
Тажикстандын түрмөлөрүндө 13,5 миңден ашык киши бар жана 2023-жылы 53 адам өлүмү катталган.
Тажикстандын акыйкатчысынын айтымында, 350дөй соттолгон жаран иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жуктуруп алса, 100дөн ашууну кургак учук менен ооруйт.