Ссылки доступа

Ырчы Манижа "Крокус Ситидеги" теракттан кийин видеокайрылуу жасады


2021-жылы Орусиянын атынан "Евроведение" сынагына катышкан ырчы Манижа "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин видеокайрылуу жасады.

"Жыл сайын жайында Душанбеге чоң энемдикине барчумун. Ал кездер менин жашоомдогу эң сонун каникулдар эле. Чоң энем мени көп нерсеге үйрөткөн, мисалы: "тамакты табактын өзүң тарабындагы бөлүгүнөн алып же" - тажиктер палоону жалпы табактан сузуп жешет. Бул сөздү мааниси – тагдырдын бергенин алып, момун бол, эч качан сага таандык эмес нерсени тартып алба дегенди билдирет.

Чоң энемдин көз жумганына быйыл 14 жыл болду. Акыркы бир нече жылдан бери ал дүйнөдө болуп жаткан нерселерди көрбөгөнүнө сүйүнүп жатканым жөнүндө көп ойлонуудамын. Анан да тажиктерге, жалпы эле Борбор Азиянын жашоочуларына карата жасалып жаткан мамиленин кесепеттеринин ага тиешелүү эмес экенине кубануудамын. Анын теракт болгон күндү, ага жооп катары кыйноого алуу учурларын көрбөй калганына сүйүнүп жатам.

Менин бул сөздөрүмө карабастан, чоң энем жанымда экенин билем. Анткени ал мени менен "адам өлтүргүчтүн улуту жок" деп эсептеген көптөгөн колдонуучулардын билдирүүлөрү аркылуу сүйлөшүп жатат. Биз кандай гана учур болбосун адам бойдон калууга милдеттүүбүз. Үмүт берип жаткан ар бир адамга ыракмат айтам".

Ырчы кеминде 143 кишинин өмүрүн алган "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан.

Мындан тышкары ал негиздеген SilSila фонду терактка байланыштуу акысыз жардам берүүгө даяр кризистик психологдордун тобун түзгөн.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болуп, имараттан өрт чыккан. Кол салуудан 140 киши каза таап, 190дой адам и жараат алган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө "террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын" маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынган. Эртеси дагы үч тажик жараны камалган. 26-мартта Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алган.

Ал арада айыпталуучуларды коргоо үчүн дайындалган адвокаттар коркутууларга кабылып жатканы, алардан бул иш боюнча сот процессине катышуудан баш тартууну талап кылып жатышканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG